Шентоп палестиналык атага телефон аркылуу көңүл айтты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп Палестинадагы окуяларда балдарын жоготкон палестиналык ата Абу Сухейбге көңүл айтты.

1639960
Шентоп палестиналык атага телефон аркылуу көңүл айтты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп Палестинадагы окуяларда балдарын жоготкон палестиналык ата Абу Сухейбге көңүл айтты.

Шентоп, атасы Сухейб менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө, Израилдин Палестинага жасаган террорчулугу дүйнө жүзүнүн маселеси экендигин белгилеп, «Мен маселени биздин палестиналык бир туугандарыбыздын гана иши деп эсептебейм. Бул эки миллиарддык ислам дүйнөсүнүн, бардык мусулмандардын жана дүйнөнүн маселеси», - деди.

Шентоп: «Палестиналыктарды өзүбүздүн үй-бүлөбүз жана балдарыбыздай кабыл алабыз», - деди жана Палестинада мүмкүн болушунча эртерээк тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрүшүн каалады.

Шентоп Түркиянын ар дайым бир тууган Палестинанын жанында экендигин баса белгиледи.

Абу Сухейб даТүркияга, президент Режеп Таййип Эрдоганга жана түрк элине ыраазычылыгын билдирип, Палестинаны чындап колдогон жалгыз өлкө Түркия экендигин айтты.

Палестинада жана Газада чоң кыргын болгонун белгилеген азаптуу ата, Түркиянын Палестина маселесин, Газа жана Акса мечитин ар дайым коргоп, колдоп келгенин жана Түркиянын бүгүн Палестина менен экендигин көрсөткөндүгүн баса белгиледи.

2013-жылы Түркияга келип, бир аз туруп Газага кайтып келгенин айткан палестиналык ата, Түркияда элдер урматталган, адилеттүүлүк орногон жана коопсуздук үстөмдүк кылган өлкө болгондуктан бир нече жыл мурун Түркияга конуш кылууну чечкенин түшүндүрдү.

Атасы кечээ шейит кеткен уулунун керээзине ылайык, эң алгачкы мүмкүнчүлүк болгондо Түркияга келүү каалоосун билдирди.



Тектеш кабарлар