Түркия Диянет Фонду палестиналыктарга жардам көрсөтүүдө

Палестина элине ушул оор мезгилде жардам берүүнү каалагандар Түркия Диянет Фондунун "bagis.tdv.org" баракчасынан кайрымдуулук кыла алышат.

1639593
Түркия Диянет Фонду палестиналыктарга жардам көрсөтүүдө

Түркия Диянет Фондунун (TDV) кызматкерлери жана ыктыярчылары, Израилдин кол салуулары учурунда туугандары шейит болуп, жаракат алган жана үйлөрү талкаланган палестиналык жабырлануучуларга, түрк улутунун жардамдарын жеткирүүнү улантышууда.

Фонддун билдирүүсүнө караганда, талкаланган үйлөрдү бир-бирден карап чыккан жана кол салуулардын натыйжасында жаракат алып, буту-колунан ажырагандарды алар дарыланып жаткан ооруканаларга барып көрүп келишкен фонддун ыктыярчылары, түрк элдеринин жардамдарын да тапшырып беришти.

Аль-Акса мечитине карата Израилдин чабуулдарына каршы туруу үчүн күрөшүп жатып шейит болгон палестиналыктардын үй-бүлөлөрүнө барган фонддун ыктыярчылары, акчалай жардам берүү менен азап-кайгыларын бираз дагы болсо жеңилдетүүгө аракет кылышты.

Палестина элине ушул оор мезгилде жардам берүүнү каалагандар Түркия Диянет Фондунун "bagis.tdv.org" баракчасынан кайрымдуулук кыла алышат.



Тектеш кабарлар