Түрк куралдуу күчтөрү үчүн жаңы ракета аткыч системасы

ROKETSAN менен Машина жана химиялык өнөр жай корпорациясы тарабынан иштелип чыккан система Түрк куралдуу күчтөрү үчүн даяр болду.

1638477
Түрк куралдуу күчтөрү үчүн жаңы ракета аткыч системасы

Ата мекендик жана улуттук технологиялар менен чыгарылган VURAN унаасына бириктирилген 107 ммлик көп түтүктүү ракет аткыч (MBRL) тутуму сыноо атуусунда бутага ийгиликтүү сокку урду.

ROKETSAN менен Машина жана химиялык өнөр жай корпорациясы тарабынан иштелип чыккан система Түрк куралдуу күчтөрү үчүн даяр болду.

Президенттиктин Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир Твиттердеги билдирүүсүндө, Түркиянын коргоо өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, түрк аскерлерине бул жаатта ыкчам чечимдерди тартуулагандыгы айтты.

Демир: «BMC өндүрүшү VURAN унаасына интеграцияланган 107 миллиметрлик көп түтүктүү ракет аткыч системанын сыноо атуусу ийгиликтүү өттү. Бир топтомдо 12 ракета аткан система Түрк куралдуу күчтөрүнүн карамагында»,-деп айтты.

Билдирүүсүндө фотосүрөттөрдү да бөлүшкөн Исмаил Демир РОКЕТСАН менен Машина жана химиялык өнөр жай корпорациясын да кошуп койду.



Тектеш кабарлар