Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сауд Арабияда
Мевлүт Чавушоглу Сауд Арабияга баргандыгы тууралуу твиттерден билдирди.
1637487
![Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сауд Арабияда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a2db/b2c6/1ad3/60951fe2dd6bd.jpg?time=1718858134)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эки тараптуу жана аймактык карым - катнаштарды сүйлөшүү үчүн Сауд Арабияга барды. Мевлүт Чавушоглу Сауд Арабияга баргандыгы тууралуу твиттерден билдирди.
Министр Чавушоглу : «Эки тараптуу карым – катнаштарыбызды карап чыгуу жана башта Акса мечитиндеги кол салуулар менен Палестина калкына карата зулумчулук жана аймагыбызды кызыктырган маанилүү темаларды сүйлөшүү үчүн Сауд Арабиядабыз»,- деди.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта сапардын эки күнгө созулары, Чавушоглунун саудиялык принц Файсал бин Фарах бин Абдуллах Ел Сууд менен жолугушары белгиленген.