Түркия социалдык иммунитет үчүн 25 пайыздык максатка жакындады

Түркияда пандемия башталгандан бери «социалдык иммунитет» стратегиясы ишке ашырылып келе жатат.

1633968
Түркия социалдык иммунитет үчүн 25 пайыздык максатка жакындады

Коронавируска (Ковид-19) каршы күрөштүн алкагында "Социалдык иммунитет" стратегиясын жүргүзгөн Түркия, болжол менен 9 миллион 600 миң адамдын экинчи доза вакцинасын алышы, 5 миллионго жакын адамдын болсо илдетти жеңип чыгышы менен 25 пайыздык максатка жакындады.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук Илимий Комитетинин мүчөсү жана Гази университетинин Медицина факультетинин деканы проф. др. Мустафа Нежми Илхан өз билдирүүсүндө, эл аралык литературага жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмуна (ДССУ) караганда, пандемияда жуктуруу жолдорунун алдын алуу жана ошол эле учурда иммунитетти түзүү керектигин баса белгиледи.

Илхан, Түркияда пандемия башталгандан бери «социалдык иммунитет» стратегиясынын ишке ашырылып келе жаткандыгын айтты.

Социалдык иммунитеттин пайда болушу үчүн 18 жаштан жогорку курактагы адамдардын 60-70 пайызынын эмделиши керектигин баса белгилеген Илхан: «Өлкөбүздө 9 миллион 600 миңге жакын жараныбыз экинчи доза вакцинасын алышты. Ошол эле учурда коронавирусту жеңип чыккан 5 миллиондой жараныбыз бар. Ушул алкакта 15 миллион деңгээлине жеткенин эске алганда, 25 пайыздык максатка жакындаганын айтууга болот», деди.



Тектеш кабарлар