Түрк аба жолдору Европада лидерлигин улантты

Түрк аба жолдору тизмеде биринчи орунду ээледи.

1630133
Түрк аба жолдору Европада лидерлигин улантты

Түрк аба жолдору (THY) Европада күнүнө орточо 621 каттам менен лидерлигин сактап калды.

Европанын Аэронавигация Коопсуздук Уюмунун (EUROCONTROL) кечээки учуу кыймылы боюнча отчетуна караганда, THY күнүмдүк орточо 621 каттам менен европалык атаандаштарын артта калтырды.

Тизмеде биринчи орунду алган Түрк аба жолдорунан кийин 343 учуу менен Wideroe ээледи. 3-орунда 290 каттам менен Air France, 4-орунда 273 рейс менен DHL Express, 5-орунда 256 каттам менен KLM Royal Airline жана 6-орунда 247 рейс менен Luftansa авиакомпаниялары турат. Pegasus Airlines болсо күнүмдүк 186 каттам менен тизмеде 7-орунду ээледи.

Отчетто Европанын жалпысында учуу орточосунун 2019-жылдагы эпидемияга чейинки маалыматтар боюнча 83 пайызга төмөндөгөндүгү, кечээ кээ бир ири операторлордо учуулардын азайгандыгы жана айрым ири бренддердин алдыңкы 10го кирбегендиги кабарланды.



Тектеш кабарлар