Түркия Непалдагы жардамга муктаж кишилерди жалгыз калтырган жок

Түркия Диянет фонду рамазан иш чараларынын негизинде Непалда 50 000 жардамга муктаж кишилерге азык  - түлүк таркатты.

1627457
Түркия Непалдагы жардамга муктаж кишилерди жалгыз калтырган жок

Түркия Диянет фонду рамазан иш чараларынын негизинде Непалда 50 000 жардамга муктаж кишилерге азык  - түлүк таркатты.

Түркия Диянет фондунун  кызматкерлери бир топ өлкөдө болгондой эле Непалда да түрдүү аймактарда жашаган 50 000 жардамга муктаж кишилерге  азык  - түлүк пакеттерин жеткирди.

Түрк Диянет фонду менен бирге Исламдык Санх Непал уюмунун Непал жооптуусу Хуршид Алам Ислахи түрк жана Непал өкмөттөрүнүн карым  - катнаштарынын мыкты экендигин айтты.

Түркиянын жардамдары Непал калкын кубанткандыгын айткан Ислахи өлкөлөрүндө  2015 -  жылы болгон жер титирөөдөн кийин биринчилерден болуп Түркиянын жардам бергендигин эске салды.

Түркиядагы бир топ жардам мекемелери менен иштешкендерин жана дайыма өздөрүн колдогондорун айткан Ислахи : «Түрктөр бир гана мусулмандарга эле эмес, бардык муктаж болгондорго жардам берүүдө. Гуманитардык жардам боюнча дүйнөдө алдыда. Түрктөр менен иштешкенден кубанчтуубуз. Түрктөргө ыраазыбыз. Түркиядан эң чоң каалообуз билим берүүдө дагы көп колдоо көрсөтүүлөрү»,- деди.



Тектеш кабарлар