Өмер Челик: «Саясат менен дипломатия тарыхый талаш-тартыштарды көкүтпөшү керек»

Челик Твиттерден билдирүү жасады.

1627395
Өмер Челик: «Саясат менен дипломатия тарыхый талаш-тартыштарды көкүтпөшү керек»

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу, саясаттын жана дипломатиянын милдетинин, тарыхый талаш-тартыштардын бүгүнкү күнгө жана келечекке жолтоо болушуна жол бербөө экендигин айтты.

Челик Твиттердеги аккаунтунда жарыялаган билдирүүсүндө, саясат менен дипломатиянын тарыхый талкууларды күчөтпөшү керектигин баса белгиледи.

Постунда «Саясаттын жана дипломатиянын милдети - тарыхый талкуулардын бүгүнкү күнгө жана келечекке жолтоо болушуна жол бербөө»,-деди.

«Саясатчылар өздөрүн тарыхчылардын ордуна койсо, анда алар өз ишин аткарбаган болушат. Саясат менен дипломатия тарыхты, бүгүнкү күн жана келечек үчүн көз карашка айландырышы керек. Эгерде ал тескерисинче кылса, анда бул тарыхтын кыянатчылыгы, келечектин кемчилиги болот»,-деп айтты.

Саясат менен дипломатиянын көпүрө курган учурда гана ийгиликтүү, дубал куруп баштаса эле ийгиликсиз болорун айткан Челик: «Тарыхый талаш-тартыштарды саясаттын атынан көкүтүү эч кимге пайда алып келбейт. Саясат менен дипломатия бүгүнкү күн жана келечек үчүн көрөгөч көпүрөлөрдү курушу керек»,-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар