Орусиянын Кара деңиздеги машыгуусу уланып жатат

Машыгууга "Су-25СМ3" аскердик учактары жана абадан коргонуу системалары да катышууда.

1624952
Орусиянын Кара деңиздеги машыгуусу уланып жатат

Орусияга таандык аскердик кемелердин Кара деңиздеги машыгуусунун уланып жаткандыгы белгиленди.

Орусиянын Кара деңиз флотунун билдирүүсүнө караганда, кыш мезгилиндеги даярдыктарынын алкагында 20дан ашуун аскердик кеме Кара деңизде машыгуу өткөрүүдө.

Машыгууга "Су-25СМ3" аскердик учактары жана абадан коргонуу системалары да катышууда.

Орусиянын Түштүк аскердик округундагы 50дөн ашуун согуштук учагынын​​ мыйзамсыз аннексияланган Крымга жайгаштырылгандыгы белгиленди.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 6-апрелде орус аскердик күчтөрүнүн согушка даярдыгы боюнча текшерүүлөрдү баштагандарын жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында тактикалык машыгуулардын өткөрүлөрүн жарыялаган.

Ушул пландын алкагында апрель айында 4 миң 48 аскердик машыгуу өткөрүлөрү маалымдалган.



Тектеш кабарлар