Алтун: «Армян дооматтары саясий эсептерге негизделген жалаа»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан "1915-жылдагы окуялар боюнча эл аралык конференция" уюштурулду.

1624999
Алтун: «Армян дооматтары саясий эсептерге негизделген жалаа»

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, жалган армян дооматтарынын саясий эсептерге негизделген  жалаа экенин билдирди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан "1915-жылдагы окуялар боюнча эл аралык конференция" уюштурулду.

Фахреттин Алтун, онлайн конференциясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө: «Биринчи Дүйнөлүк согуш мезгилинде армян бандалары Осмон жерлерине кол салган душман менен кызматташып сокку ургандыгын, согуш шарттарында, жарандарды жана мекенди коргоо максатында айрым аймактарда жашаган армяндардын депортациялангандыгын эске салды.

Алтун: «Бул коопсуздук чарасы ишке ашырылып жатканда, бардык зордук-зомбулуктары менен уланган согуш шарттарында тилекке каршы жагымсыз окуялар болуп өттү, түрктөр дагы армяндар дагы көптөгөн жоготууларга учурады. Бул окуялар бүгүнкү күнгө чейин уланган талкуулардын, атүгүл жалаалардын негизи болду»,-деди.

«Учурда кылымдар бою чогуу тынчтыкта ​​жашап келген түрк жана армян элдеринин жалпы тарыхын бурмалаган жана тарыхтан кастык жаратууга аракет кылган дооматтарга туш болдук. Бул дооматтарга каршыбыз» деген Алтун: «Биз бул жердин ар бир бурчунда болгон азапты бөлбөйбүз. Адамдар динине, этникалык тегине жана мазхабына карабастан бул өлкөлөрдө кылымдар бою бир тууган болуп жашап келгенин биз жакшы билебиз»,-деп айтты.

Алтун 1915-жылы болгон окуялар боюнча талаш-тартыштардын 100 жылдан ашуун убакыттан бери уланып жатышынын себеби "1915-жылдагы окуяларды саясий жана идеологиялык маселе катары каралышына карата талап жана көөшөрүү» деп белгиледи.

Алтун кимдир бирөөлөрдүн бул окуяны саясий жана идеологиялык негиздерге таянуу менен империялык максаттарга пайдалуу кылууга аракет кылып жаткандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар