Шентоп британ элине көңүл айтты
Шентоп, ханзаада Филиптин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
1618404
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, каныша Элизабет IIнин жолдошу Эдинбург герцогу ханзаада Филиптин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
Шентоп Твиттердеги баракчасынан англис тилинде жарыялаган билдирүүсүндө: «Каныша Элизабет IIнин жолдошу Эдинбург герцогу ханзаада Филиптин каза болгонуна катуу капа болдум. Британ падышалыгынын үй-бүлөсүнө жана британ элине көңүл айтып, алардын кайгысын тең бөлүшөм»,-деди.