Түркия : "Суэц каналындагы кырсыкка жардам берүүгө даярбыз"

Түркия Суэц каналында кургактыкка чыгып калган чоң кеменин куткарылышы үчүн Египетке жардам берүүнү сунуш кылды.

1609150
Түркия : "Суэц каналындагы кырсыкка жардам берүүгө даярбыз"

Түркия Суэц каналында кургактыкка чыгып калган чоң кеменин куткарылышы үчүн Египетке жардам берүүнү сунуш кылды.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу Суэц каналындагы кырсык тууралуу : «Жардам берүү сунушубузду билдирдик жана алардан оң жооп келе турган болсо жардам жиберебиз»,- деди.

Караисмаилоглу : «Эки күндөн бери жол берилбей жатат. Ал түгүл азыркы учурда да Үмит тумшугунан багыттарын өзгөрткөн кемелер бар. Биз да албетте дүйнөлүк соода көлөмүнө таасирин тийгизе турган маселе болгондуктан биздин да абдан күчтүү бир флотубуз бар. Биз да жардам берүүнү сунуш кылдык жана алардан оң жооп келе турган болсо жардам жиберебиз. Биздин «Нене Хатун» кемебиз мындай  чоң операцияларды аткара турган дүйнөдөгү саналуу кемелердин бири»,- деди.

Дүйнөнүн эң ири жүк ташуучу кемелеринин арасында орун алган «Эвергрин» 24 -  мартта Жер Ортолук деңизин Кызыл деңизге байланыштырган Суэц каналында кургактыкка чыгып калган.

Эвергриндин капталынан бурулушу менен каналда кемелердин өтүшүнө тоскоолдук жаралган.



Тектеш кабарлар