Эрдоган Кытайдын тышкы иштер министрин кабыл алды
Кытайдын тышкы иштер министри 6 өлкөнү камтыган аймактык сапарларынын алкагында кечээ кечинде борбор шаар Анкарага келген.
1608511
Президент Режеп Таййип Эрдоган Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.
Кытайдын тышкы иштер министри 6 өлкөнү камтыган аймактык сапарларынын алкагында кечээ кечинде борбор шаар Анкарага келген.
Ван И бүгүн Президенттик комплексте президент Эрдоган тарабынан кабыл алынды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да министрликте Ван И менен бетме- бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөргөн болчу.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мамилелери талкууланып, учурдагы аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылган.