SunExpress Анталиядан 11 жаңы багытка жаңы каттамдарын баштайт
SunExpress өлкө тышындагы 9 жаңы багытына кошумча катары өлкө ичиндеги каттамдарына Хатай менен Малатияны да кошту.
![SunExpress Анталиядан 11 жаңы багытка жаңы каттамдарын баштайт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d8c0/bccb/3326/5b290c8192fb1.jpg?time=1718828171)
Түрк аба жолдору жана Lufthansaнын биргелешкен мекемеси SunExpress Анталиядан 11 жаңы багытка учат.
SunExpressтин билдирүүсүнө ылайык, Анталиядан учкан учактардын сыйымдуулугун жана жыштыгын арттыра турган компания Женева, Любляна, Манчестер, Лондон, Кишинев жана София шаарларын 2021 - жылдын жайкы сезонунда Анталия-Европа каттамдарына кошот.
Авиакомпания май айынан баштап Анталиядан Жакынкы Чыгыштагы үч негизги борборго - Бейрут, Эрбил жана Тель Авивге түз каттамдарды баштайт.
SunExpress өлкө тышындагы 9 жаңы багытына кошумча катары өлкө ичиндеги каттамдарына Хатай менен Малатияны да кошту.
SunExpress 2021-жылдын май айынан баштап Антальядан Европанын популярдуу багыттары Варшава, Прага, Будапешт, Копенгаген, Стокгольм, Париж, Лион жана Гетеборг жана башка көптөгөн шаарларга каттамдарын кайра баштайт.