Тышкы иштер министрлиги: «Түркия Европанын келечегинде дагы негизги өлкө»

Министрлик, Түркия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосунда кол коюлган 18-март макулдашуусунун 5 жылдыгынан улам билдирүү таратты.

1604079
Тышкы иштер министрлиги: «Түркия Европанын келечегинде дагы негизги өлкө»

Тышкы иштер министрлиги, Түркиянын мурдагыдай эле Европанын келечегинде дагы негизги өлкө болорун маалымдады.

Министрлик, Түркия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосунда кол коюлган 18-март макулдашуусунун 5 жылдыгынан улам расмий Твиттер баракчасынан билдирүү таратты.

Билдирүүдө, Түркиянын мурдагыдай эле Европанын келечегинде дагы чечүүчү өлкө боло тургандыгын белгилеп: «Биздин ЕБ менен болгон тыгыз кызматташтыгыбыз жаңыланып, бүтүндөй континентте тынчтыкты, гүлдөп-өнүгүүнү жана туруктуулукту камсыз кылат»,-деген сөздөр камтылды.

Билдирүү менен бирге жарыяланган инфографикада болсо макулдашуу келишиминин Түркия менен ЕБ жалпы максаттардын негизинде кызматташтык түзгөндө, бүтүндөй чөлкөм үчүн позитивдүү натыйжаларга ээ болгону жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын толук мүчөлүк перспективасы менен өнүктүрүлүшү үчүн ыңгайлуу жол экени белгиленди.



Тектеш кабарлар