Стамбул аэропорту биринчи орунду ээледи
Стамбулдан кийин 435 каттам менен Париж Шарль де Голль жана 336 каттам менен Амстердам Шипхол аэропорттору ээлешти.
Стамбул аэропорту 2-16-март күндөрүнүн аралыгында күнүмдүк 465 каттам менен Европада лидерлигин улантты.
Европанын аэронавигациялык коопсуздук уюму (EUROCONTROL) тарабынан даярдалган учуу кыймылынын отчетуна караганда, 2-16-март күндөрүнүн аралыгында Стамбул аэропорту күнүмдүк 465 каттам менен биринчи орунду ээледи.
Стамбулдан кийин 435 каттам менен Париж Шарль де Голль жана 336 каттам менен Амстердам Шипхол аэропорттору ээлешти.
Франкфурт аэропорту болсо 334 рейс менен төртүнчү орунду алды.
Ал эми Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» аэропорту 322 каттам менен Европада алдыңкы 5ке кирди.
Отчетко караганда, Стамбул менен бирге Европа өлкөлөрүндөгү аэропорттордун күнүмдүк каттамдарында азаюу болбостон жалпысынан туруктуулук сакталгандыгы, Британиядагы Хитроу аэропортунда 11 пайыз, Норвегиянын Берген аэропортунда 23 пайыз жана Израилдеги Бен Гурион аэропортунда 119 пайыздык өсүү болгондугу белгиленди.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.