Түркия Нигериядагы террордук кол салууну айыптады

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 12-мартта аскердик конвойго болгон террордук кол салуудан 19 аскер каза болуп, 13 адам жаракат алгандыгы терең кайгыруу менен белгиленди.

1601164
Түркия Нигериядагы террордук кол салууну айыптады

Түркия, Нигериянын Борно провинциясындагы Гудумбали аймагында Боко Харам террордук уюму тарабынан болгон террордук кол салууларды катуу айыптады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 12-мартта аскердик конвойго болгон террордук кол салуудан 19 аскер каза болуп, 13 адам жаракат алгандыгы белгилүү болгондугу терең кайгыруу менен белгиленди.

Билдирүүдө,"Биз бул мыкаачылык терроризм аракетин кескин айыптайбыз, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана боордош Нигерия элине жана өкмөткө чын жүрөктөн көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайбыз",делди.



Тектеш кабарлар