Фуат Октай саламаттык сактоо кызматкерлерин Медицина күнү менен куттуктады
Вице-президент Фуат Октай 14-март Медицина күнүнө карата кайрылуу жасады.
1600942
Вице-президент Фуат Октай 14-март Медицина күнүнө карата кайрылуу жасады.
Октай, өзүнүн социалдык медиа эсебиндеги постунда, «Адамдардын өмүрүн сактап калуу максатын көздөгөн биздин бардык дарыгерлерди жана саламаттык сактоо кызматкерлерин 14-март, Медицина күнү куттуу болсун»,деген сөздөрдү колдонгон.
Фуат Октай өзүнүн билдирүүсүндө «Биз ыраазыбыз» деп жазып, коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүүгө байланыштуу саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин сүрөттөрүнө орун берди.