Президенттик кабинет дүйшөмбү күнү чогулат

Жыйын президент Эрдогандын төрагалыгы астында өтөт.

1600674
Президенттик кабинет дүйшөмбү күнү чогулат

Президенттик кабинет дүйшөмбү күнү Бештепеде чогулат.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын төрагалыгы астында өтүүчү жыйындын негизги күн тартиби коронавируска каршы күрөшүү (Ковид-19) болот.

Жыйында акырындык менен нормалдаштыруу кадамдарынын акыркы абалы талкууланат.

Кабинет жыйынында эмдөө иштери да үстөлдө болот.

Ошондой эле Түркиядагы эмдөө процессине баа берилет. Вакцина менен камсыздоо темасында Кытайдан жана Германиядан буюртулган вакциналардын акыркы абалы менен атамекендик вакцина иштери каралып чыгат.



Тектеш кабарлар