Тышкы иштер министри Чавушоглу:"Түркия террористтик уюмдар менен күрөшүүсүн улантат"

Мевлүт Чавушоглу, Катардын борбору Доха шаарында өткөрүлгөн Түркия-Россия-Катар Үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийинки сөз сүйлөдү.

1599412
Тышкы иштер министри Чавушоглу:"Түркия террористтик уюмдар менен күрөшүүсүн улантат"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия, Сириянын аймактык бүтүндүгүн коргоону, жарандарды коргоону жана террордук уюмдар менен күрөштү улантарын жарыялады.

Мевлүт Чавушоглу, Катардын борбору Доха шаарында өткөрүлгөн Түркия-Россия-Катар Үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийинки сөз сүйлөөсүндө Сирияда болуп жаткан окуялар тууралуу Орусия жана Катар менен үч тараптуу кеңешүү процессин башташканын айтты.

Максаттарынын Сирияда туруктуу чечим табуу болгонун  баса белгилеген Чавушоглу, ушул максатта жемиштүү жолугушууларды өткөрүшкөнүн жана Сириядагы адамзаттык кырдаалды талкуулашканын айтты.

6 жарым миллиондон ашык сириялык өлкөнүн тышында жашаганын, булардын 3,4 миллиону Түркияда экендигин түшүндүргөн Чавушоглу: «Түркия, Сириянын аймактык бүтүндүгүн коргоону, жарандарды коргоону жана террордук уюмдар менен күрөштү улантарын жарыялады»,-деди.

Сирияда 10 жылдан бери абалды кыянаттык менен пайдаланган террордук уюмдар бар экенине көңүл бурган Мевлүт Чавушоглу, жолугушууда Сириянын чек ара бүтүндүгүн колдой тургандарын айтты.

Чавушоглу, Сириянын биримдигин колдоо улана берээрин белгилеп, «Кийинки жолугушууну Түркияда өткөрүүнү макулдаштык. Биздин максатыбыз Сирияда туруктуу тынчтыкты орнотуу»,-деди.

Экинчи жагынан, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: «Түркия менен Россия жана Катар Сириядагы сепаратизмге каршы күрөшүү боюнча макулдашышты" деди ал.



Тектеш кабарлар