Тышкы иштер министри Кыргызстанда жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглун президент Садыр жапаров кабыл алды.

1598521
Тышкы иштер министри Кыргызстанда жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглун расмий сапарынын негизинде Кырыгзстандын борбор шаары Бишкекте президент Садыр Жапаров кабыл алды. Кабыл алууда саясий, соода, экономикалык, маданий  - гуманитардык тармактарда актуалдуу кызматташуу темалары каралды.

Жапаров бул жылы 30 – жылы белгиленген Кыргызстан  - Түркия дипломатиялык кызматташуусунун келген жеринен кубанычтуу экендигин айтты жана айыл  -  чарба, текстиль,  тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда ишкер мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан жана Түркиянын экономикалык потенциалын камсыз кылган маанилүү долбоорлордун тумушка ашырылышы керектигин жана тараптардын биргелеше соода көлөмүн 1 миллиард долларга чыгаруу үчүн түрдүү аракеттерди көрсөтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Бишкекте «Ата Бейит» мемориалдык комплекске да барган министр Чавушоглу андан кийин кыргыз кесиптеши Руслан Казакбаев менен өткөргөн пресс  - жыйынында  эки тараптуу карым  - катнаштарды карап чыгышкандарын билдирди.  

Мевлүт Чавушоглу Кыргызстан  -  Түркия «Манас» университетинин эки өлкөнүн боордоштугунун бир белгиси экендигин айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу билим берүү же башка тармактарда ФЕТӨ сыяктуу уюмдарга муктаждыктын жок экендигине көңүлдөрдү буруп : «ФЕТӨ бир гана биз үчүн эле эмес Кыргызстан үчүн да коркунуч»,- деди. Муну ар дайым айтышкандарын баса белгилеген Чавушоглу : «Буюрса мындай террордук уюмдардан да кылмыш уюмдарынан да толугу менен кутулабыз»,- деди.

Эки өлкөнүн билим берүү жана илим тармагында да кызматташуунун өнүктүрүлгөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Чавушоглу Маариф фондунун Кыргызстанда билим берүү сапаты мыкты боло тургандай түрдө мектепке чейинки билим берүүдөн жогорку класттарга чейин мектептерди ачарын айтты.

Чавушоглу : «Маариф мектептери Орто Азияда ачыла турган алгачкы Маариф фондунун мектептери болот. Бул да Кыргызстанга берген маанинин көрсөткүчү»,- деди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Казакбаев да : «Кыргызстан менен Түркия тили бир, дини бир эки бир тууган өлкө. Эки өлкөнүн ортосунда эч бир саясий маселе жок»,- деди.

Казакбаев : «Кыргызстанга Маариф фондунун келишин, мектеп ачышын жана билим берүүгө салым кошушун күтөбүз»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар