Түркиянын зооттолгон «Эждер Ялчын 4x4» унаасы дүйнөлүк брендге айланды

«Эждер Ялчын 4x4» унаасы, экспорттогу ийгилигине жаңыларын кошууда.

1598536
Түркиянын зооттолгон «Эждер Ялчын 4x4» унаасы дүйнөлүк брендге айланды

Жакынкы Чыгыш, Перс булуңу, Азия, Африка жана Европанын көптөгөн өлкөлөрү колдонгон «Эждер Ялчын», НАТО жана Бириккен Улуттар Уюмунун миссияларында колдонулган жалгыз түрк унаасы болуу ийгилигине жетишти.

Түркиянын коргонуу өнөр жайында иштелип чыккан тактикалык дөңгөлөктүү брондолгон «Эждер Ялчын 4x4» унаасы, экспорттогу ийгилигине жаңыларын кошууда.

Түркиянын брондолгон кургактык унаа өндүрүүчүлөрүнөн Nurol Makina тарабынан иштелип чыккан «Эждер Ялчын 4x4», кадимки жана асимметриялуу кыймыл чөйрөсүндө жогорку коргоо мүмкүнчүлүгү, ыкчам кыймыл жөндөмү жана пайдалуу жүк көтөрүмдүүлүгү менен керек болсо Түркияда, керек болсо чет өлкөдө муктаждыктарды камсыздап жатат.

«Эждер Ялчын 4x4» унаасы согуштук жана колдоо миссияларында колдонуу үчүн иштелип чыккан 10дон ашуун ар кандай конфигурацияга ээ.

Бул унааларды Жакынкы Чыгыш, Перс булуңу, Азия, Африка жана Европа аймактарындагы көптөгөн өлкөлөр артык көрүшөт.

Европа Биримдиги жана НАТОнун мүчөсү Венгриянын инвентаризациясына 2020-жылы кирген «Эждер Ялчын 4x4» унаасы, Түркиядан тышкары НАТО өлкөсү тарабынан колдонулган биринчи брондолгон унаа болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык күчтөрүндө да колдонуучулардын санын көбөйткөн «Эждер Ялчын 4x4», Сахел аймагындагы асимметриялык коркунучтардан жана кол салуулардан нөөмөттө турган персоналды коргой алды.

Ошундайча «Эждер Ялчын 4x4», НАТО жана Бириккен Улуттар Уюмунун миссияларында колдонулган жалгыз түрк унаасы болуу ийгилигине жетишти.

Колдонуучулардын өзүнө болгон ишенимин арттырган «Эждер Ялчын 4x4», суроо-талаптын жогорулашы менен жооп алды.

«Нурол Макина» компаниясы, Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык күчтөрүндө пайдаланылышы үчүн быйыл жаңы колдонуучу менен келишим түздү.



Тектеш кабарлар