Атамекендик вакцинада 2-фазада 2-доза берилүүдө
Экинчи фаза изилдөөлөрү уланып жаткан вакцинада биринчи жолу ыктыярчыга экинчи доза берилди.
Кайсери шаарындагы Эржийес университети тарабынан бир нече айдан бери изилденип келе жаткан атамекендик Ковид-19 вакцинасында бүгүн абдан маанилүү мезгил башталды.
Экинчи фаза изилдөөлөрү уланып жаткан вакцинада биринчи жолу ыктыярчыга экинчи доза берилди. Эгерде 2-фаза изилдөөлөрү да оң натыйжа берсе, анда эл аралык масштабдагы миңдеген ыктыярчыларда 3-фаза изилдөөлөрү жүргүзүлө баштайт.
37 жаштагы Сонер Акер жергиликтүү вакцинага ыктыярчы болгон жүздөгөн кишинин бири болуп саналат.
2-фазасы жүрүп жаткан атамекендик вакцинанын 2-дозасын алган Акер: «Мен абдан жакшымын, өтө кубанчтамын. Сыймыктанып жатам. Өлкөбүздө вируска каршы чоң күрөш жүрүп жатат. Мен бул күрөшкө атуул катары катышкым келди» - деди.
Университеттин ректору Мустафа Чалыш болсо экинчи фазанын 2-дозасын апрель айынын ортосунда бүтүрүүнү пландап жатышканын жана апрелдин аягына чейин 3-фаза изилдөөлөрүнүн башталаарын айтты.
Фаза-3 этабында белгилүү жерге жеткенден кийин шашылыш түрдө пайдаланууга уруксат берилиши мүмкүн экендигин айткан Чалыш: «Натыйжалуулук жана коопсуздук 1-фазада дагы, 2-фазада дагы байкалды. Бирок аны 3-этаптан да көрүү керек. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигибиз чечим чыгарат», - деди.