Түркиянын Почта жана Телеграф Уюму тейлөө сапатынын сертификатын алды

Дүйнөлүк почта союзунун көз карандысыз эксперттери, компаниянын тейлөө сапатынын көрсөткүчтөрүн "A деңгээлиндеги (Алтын деңгээл)" сертификаты менен тастыкташты.

1585275
Түркиянын Почта жана Телеграф Уюму тейлөө сапатынын сертификатын алды

Түркиянын Почта жана Телеграф Уюму (PTT), Дүйнөлүк почта союзунун (UPU) 'А деңгээлиндеги' тейлөө сапатынын эл аралык сертификатын алды.

PTTнын билдирүүсүнө караганда, Дүйнөлүк почта союзунун көз карандысыз эксперттери, компаниянын тейлөө сапатынын көрсөткүчтөрүн "A деңгээлиндеги (Алтын деңгээл)" сертификаты менен тастыкташты.

PTTнын почта байланышын модернизациялоо чечими жана тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча иш-аракеттеринин ийгиликтүү жүзөгө ашырылышы, эң жогорку сапаттагы тейлөө сертификатын алууга мүмкүнчүлүк берди.

2012-жылы рейтинг программасына катышкан PTT, 2012-2016-жылдар аралыгындагы баа берүүдө күмүш статусундагы кызмат сапаты сертификатын алууга укуктуу болгон.

Компания, уюштуруу тутумундагы ийгилиги жана эксплуатациялык процедураларды өркүндөтүү аракетинин натыйжасында 2020-2023 жылдар үчүн эң жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүнүн сертификатына ээ болду.



Тектеш кабарлар