Жикчил террордук уюм ПККнын 13 жаранды өлтүрүшүнө катуу каршылык көрсөтүлүүдө

Ирактын түндүгүндө Гарадагы «Чеңгел бүркүт-2» операциясы жүргүзүлгөн аймакта жикчил террордук уюм ПККнын үңкүрдө 13 бейкүнөө жаранды шейит кылышына катуу каршылык көрсөтүлдү...

1583193
Жикчил террордук уюм ПККнын 13 жаранды өлтүрүшүнө катуу каршылык көрсөтүлүүдө

Ирактын түндүгүндө Гарадагы «Чеңгел бүркүт-2» операциясы жүргүзүлгөн аймакта жикчил террордук уюм ПККнын үңкүрдө 13 бейкүнөө жаранды шейит кылышына катуу каршылык көрсөтүлдү...

Вице-президент Фуат Октай өз билдирүүсүндө шейит болгон жарандардын жаткан жери жайлуу болушун,үй-бүлөлөрүнө сабырдуу болушун тилеп, көңүл айтты.

Октай: «Биз терроризмди жок кылганга чейин чек арабыздын ичинде жана тышында күрөштү чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу «Чеңгел бүркүт-2»  операция аймагында шейит болгон 13 жаран үчүн көңүл айтты.

Чавушоглу Твиттерде бөлүшкөн билдирүүсүндө, «Биздин баатыр жоокерибизге каршы тура албаган коркок террористтик уюм 13 күнөөсүз жаранды чыккынчылык менен өлтүрдү. Шейиттерибиздин жаткан жери жайлуу болушун тилейбиз, улутубузга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз»,-деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, «Чеңгел бүркүт-2» операция аймагында шейит болгон 13 жаранга байланыштуу Твиттерден англис тилиндеги билдирүүсүндө, Ирактын Гара аймагындагы үңкүрдө жикчил террордук уюм ПККнын 13 жаранды өлтүргөндүгүн баса белгиледи.

ПККнын Түркиянын жана Ирактын коопсуздук күчтөрүнө жана жарандарына кол салып, Сириянын түндүгүндө дагы террордук кол салууларды улантып жаткандыгын белгилеген Калын: «Дүйнө унчукпайт. Бул унчукпоо уяттуу кылмыш өнөктөштүгү болуп саналат, бирок биз унчукпай калбайбыз»,-деп өзүнүн каршылыгын көрсөттү.

Президенттиктин Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун өзүнүн социалдык медиа баракчасына жазган билдирүүсүндө шейиттердин каны жерде калбай тургандыгын айтты.

Алтун: «Улутубуз аман болсун. Шейиттерибиздин каны жерде калган жок. Коопсуздук күчтөрүбүздүн өлкө ичинде жана тышында чыккынчы ПККга баш болгон террористтик уюмдарга каршы күрөшү улутубуздун күчтүү колдоосу жана дубалары менен террордук коркунучтун тамыры жулунганга чейин уланат»,-деп айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) катчысы Өмер Челик: «ПКК террордук уюму бул киши өлтүрүү желеси экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Ал күнөөсүз 13 жаранды мыкаачылык менен өлтүрдү. Биздин баатыр жоокерлер бул жийиркеничтүү киши өлтүрүүчү желесине керектүү жоопту берүүдө. 13 бейкүнөө жарандын өлтүрүлүшү бүт адамзатка кол салуу болуп саналат. Биз өлкөбүздүн коопсуздугун коргоп, адамзаттын атынан бул киши өлтүрүүчү желеси менен күрөшүүнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар