Түркиянын алгачкы куралдуу деңиз унаасы ULAQ сууга түшүрүлдү

Түрк коргонуу өнөр жайы компанияларынын кызматташуусу менен чыгарылган куралдуу  деңиз унаасы ULAQ сууга түшүрүлдү.

1582457
Түркиянын алгачкы куралдуу  деңиз унаасы ULAQ  сууга түшүрүлдү

Түрк коргонуу өнөр жайы компанияларынын кызматташуусу менен чыгарылган куралдуу  деңиз унаасы ULAQ сууга түшүрүлдү.

ARES кеме верфи жана Метексан коргоо бир канча жылдан бери жүргүзүп келе жаткан изилдөө  - өнүктүрүү иштеринин акырында Түркиянын алгачкы учкучсуз аскердик кемеси жасалды.

Прототиби жасалып бүткөн жана "ULAQ" сериясынын биринчи платформасы  болгон куралдуу  деңиз унаасы  SİDA деңизге түшүрүлдү.

SİDA 400 километрдик крейсердик диапазонуна, ылдамдыгы саатына 65 километрге, күнү – түнү  көрүү мүмкүнчүлүгүнө, улуттук шифреленген байланыш инфраструктурасына ээ жана  өнүккөн курама материалдан жасалды.

SİDA чалгындоо, байкоо, суу үстүндөгү согуш, ассиметриялык согуш, куралдуу коштоо жана күч коргоо, стратегиялык объектилердин коопсуздугу сыяктуу  милдеттерин аткарууда кургактыктан мобилдик каражаттар менен жана штаб командирлик борборунан же сүзүүчү платформалардан колдонууга болот.

Ошол эле учурда Түркиянын алгачкы куралдуу  деңиз унаасы ULAQ улуттук ракета системаларын өндүрүүчү РОКЕТСАНдын продукциялары  төрттүк лазердик башкаруучу ракета Cirit жана 2лик лазердик  алыска атуучу танкка каршы ракета системасы орнотулган.



Тектеш кабарлар