Калын: «Байден бийлиги менен жаңы баракча ачаарыбызга ишенебиз»

Ибрахим Калын CNN International телеканалындагы Бекки Андерсондун программасында Түркия-Америка мамилелерине баа берди.

1581233
Калын: «Байден бийлиги менен жаңы баракча ачаарыбызга ишенебиз»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «(Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо) Байден бийлиги менен жаңы баракча ачаарыбызга ишенебиз»,-деди.

Ибрахим Калын CNN International телеканалындагы Бекки Андерсондун программасында Түркия-Америка мамилелерине баа берди.

Басма сөз катчысы Калын, Байдендин командасынын тажрыйбалуу адистерден тургандыгын жана бул адамдардын Түркияны тааныгандыгына токтолуп: «Айрыкча Сириядан Иракка чейин, Ливиядан Кавказга жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин учурдагы кыйынчылыктарын эске алганда алардын (Байдендин командасы) Түркиянын стратегиялык маанисин жана баалуулугун карап, алар мамилелердин борборуна кое турганына ишенем. Мен ишенем алар Түркия менен абдан позитивдүү мамиле түзүүгө даяр»,-деп айтты.

«Жо Байден бийлиги менен (мурунку президент) Дональд Трамптын бийлигине караганда жакшы мамилени күтөсүзбү?» деген суроого жооп берген Калын, Трамп Түркиянын досу болгонун жана Түркияны досу катары караганын ар дайым ачык айтып келгенин эске салды.

Калын: «Байден бийлиги жөнүндө айта турган болсок, мамилебиз урматтоого, жалпы кызыкчылыкка жана өз ара эгемендүүлүктү таанууга негизделген шартта, биз жакшы мамиледе болобуз деп ишенебиз»,-деди.

Байден буга чейин вице-президент болуп турганда Түркияга 4 жолу келгенин жана бул тажрыйбаны президент катары баалайт деп эсептээрин белгилеген Ибрахим Калын: «Урматтуу президентибиз, Патриот же башка бир НАТО шериктешинен башка бир коргонуу тутумун сатып алуу жөнүндө Түркиянын сүйлөшүүлөргө даяр экендигин белгиледи. Биз буга даярбыз, толугу менен кызматташууга даярбыз. Биз Байден бийлиги менен жаңы барак ачаарыбызга ишенебиз. Ал өзү Түркияны жана Президентибизди тааныйт»,-деди.



Тектеш кабарлар