Эрдоган:«Улутубузга кызматыбызды өлкөбүздү андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө аркылуу көрсөтөбүз»

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган өзүнүн партиясынын Байбурт, Гиресун, Нигде жана Зонгулдакта болгон кезектеги 7- облустук курултайына түз байланыш аркылуу катышты.

1579550
Эрдоган:«Улутубузга кызматыбызды өлкөбүздү андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө аркылуу көрсөтөбүз»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз өз улутубузга кызмат кылуубузду өлкөбүздү андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө аркылуу көрсөтөбүз»,-деди.

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган өзүнүн партиясынын Байбурт, Гиресун, Нигде жана Зонгулдакта болгон кезектеги 7- облустук курултайына түз байланыш аркылуу катышты.

«Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясы учурунда дүйнөдө болуп өткөн окуялар биздин акыркы 18 жылда өлкөгө алып келген инфраструктура бизди оң жагынан кандайча айырмалап тургандыгын көрсөттү»,-деп айткан Президент мындай деди: «Ар дайым айтканыбыз сыяктуу ушул убакка дейре эмне жасаган болсок улутубуз менен бирге жасадык. Эмнеге жетишкен болсок улутубуз менен бирге жетиштик. Түркияны 2023-жыл максаттарына жеткирүүнү, 2053-жыл көз карашы менен жолугуштурууну да ошол эле улутубуз менен бирге ишке ашырабыз»,-деп айтты.

Президент: «Биз террористтик уюмдар менен күрөшүүдөн баштап чек арабыздын коопсуздугун камсыз кылууга жана бардык эзилгендерге кол сунууга чейин чечкиндүү саясат менен өлкөбүздүн кадыр-баркын көтөргөнүбүз үчүн кубанычтабыз»,-деди.

Кара деңиздеги бургулоо иштерине байланыштуу Эрдоган, «Биз азыр Кара деңизде жаратылыш газына жетиштикпи? «Фатих» менен жетиштик. Эми «Кануни» менен жетебиз деп үмүттөнөм. Биздин бургулоо иштерибиз улантылат. Биз таптакыр башкача деңгээлге жетебиз. Эми биз деңиздин түбүн бургулоо иштерин улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар