Террорго каршы күрөш уланууда
Улуттук Коргоо министрлиги Твиттерден маалымат берди.
1578358
«Евфрат калканы» аймагында зайтун жыйнап жаткан дыйкандарга кол салган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө үч террорист жок кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги билдирүүсүндө: «Тель-Рифат аймагындагы ПКК/ЙПГ террористтери «Евфрат калканы» аймагындагы Азезде зайтун жыйнап жаткан дыйкандарга кол салышты. Дыйкандарга ок атылганын көргөн баатыр десанттарыбыз дароо жооп кайтарып, 3 ПКК/ЙПГ террористтин жок кылышты» деп кабарланды.
Тектеш кабарлар
Эрдогандын БУУда сүйлөгөн сөзү чет элдик басылмаларда жарыяланды
Президент Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында дүйнөгө кайрылуу жасаган.