"Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү" программасы чоң кызыгуу жаратты

"Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү" темасында биргелешкен программа уюштурулду.

1577943
"Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү" программасы чоң кызыгуу жаратты

Каир, Кудс, Рамаллах жана Бейруттагы Юнус Эмре институттары (YEE), "Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү" деген темада биргелешкен программа уюштурушту.

Социалдык медиада Фейсбук жана Твиттер аркылуу түз эфирде көрсөтүлгөн программада стипендиялар, университеттер, Түрк тилин билүү экзамени, Чет элдик студенттер сынагы, кайрылуу мөөнөттөрү жана студенттер үчүн виза алуу процесстери сыяктуу темаларга басым жасалды.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) Түркия бүтүрүүчүлөр координатору др. Муса Будак, Рамаллахтагы Юнус Эмре институтунун директору др. Абдулкадир Сетих, Каирдеги Юнус Эмре институтунун окутуучусу Жуде Ахмед, Палестинадагы Түркия бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы др. Махмуд Мустафа студенттерге ар кандай темаларда маалыматтарды беришти.

Программада ошондой эле Сакария университетинин укук факультетинин студенти Алаа Исифан жана Түркия стипендияларынын Бурсадагы Гази университетинин докторанты Салах Абдулла Хажар да Түркиядагы университеттик билим берүү боюнча тажрыйбаларын бөлүштү.

Ал эми Каирдеги Юнус Эмре институтунун директору Эмин Бойраз, чет өлкөлөрдө билим алууну каалаган араб студенттердин Түркияга чоң кызыгуу көрсөткөндөрүн айтты.

Бойраз, программага болгон кызыгуу жана түз эфирдеги көптөгөн суроолордон улам "Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү" программасын улантууну пландаштыргандыктарын айтты.

Кайрылуу мөөнөттөрү, керектүү документтер жана стипендиялар жөнүндө кеңири маалымат берилген программаны социалдык медиадан миңдеген катышуучулардын көргөндөрү билдирилди. 



Тектеш кабарлар