Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 120 киши көз жумду.

1576112
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 120 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 26 миң 237 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 140 миң 120 тест жасалып, 630 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 795 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 8 миң 639 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 379 миң 70ке жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар