Ирактын түндүгүнө операция жүргүзүлдү

Кандил аймагында ПКК террористтеринин аныкталганы кабарланды.

1575935
Ирактын түндүгүнө операция жүргүзүлдү

Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында жикчил террордук уюм ПККнын мүчөлөрү болгон он террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттериндеги маалыматында, Кандил аймагында ПКК террористтеринин аныкталганы кабарланды.

Билдирүүдө: «Түрк Куралдуу Күчтөрү (TSK) менен Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында аныкталган 10 ПКК террористи абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар