Түркия Сомалиде болгон кол салууну айыптады

Кол салууда көп сандаган кишинин каза болуп жана жаранлангандыгы билдирилди.

1574987
Түркия Сомалиде болгон кол салууну айыптады

Түркия Сомалинин борбор шаары Могадишодо болгон бомбалуу кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сомалинин Могадишо шаарындагы Африк мейманканасына Еш  -  Шебаб террордук уюму жасаган бомбалуу кол салууда көп сандаган кишинин каза болуп жана жаранлангандыгы билдирилди.

Маалыматта : «Бул кол салууну катуу айыптайбыз. Боордош Сомали калкына жана өкмөтүнө көңүл айтабыз. Каза болгондор үчүн Алланын ырайымын, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Түркия террор менен күрөшүүдө Сомали өкмөтү жана элинин жанында болууну улантат»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар