Өмер Челик  АКШ менен Түркиянын расизмге каршы бирге аракет кылышы керектигин айтты

Адилеттик жана Өнүгүү Партиясынын катчысы Өмер Челик партиясынын Борбордук Аткаруу Кеңешинин күн тартибине байланыштуу маалымат берди.

1571632
Өмер Челик  АКШ менен Түркиянын расизмге каршы бирге аракет кылышы керектигин айтты

Адилеттик жана Өнүгүү Партиясынын катчысы Өмер Челик  АКШ менен Түркиянын дүйнөдөгү  расизм жана исламга карата душмандык боюнча биргелеше аракет кылышы керектигин айтты.

Челик партиясынын Борбордук Аткаруу Кеңешинин күн тартибине байланыштуу маалымат берди.

Өмер Челик : "АКШнын жаңы президентинин кызматка келишинен кубанычтабыз. Дүйнөдөгү расизм жана исламофобия менен биргеликте иш алып барышыбыз керек»,- деди.

Түркияда АКШга карата отурукташкан кастыктын жок экендигин айткан Челик : «Түркия террордук кол салууларды ишке ашырган ПКК/ЙПГнин союздашыбыз АКШ менен байланышына каршылык көрсөтүүсү табигый нерсе»,- деди.

Өмер Челик : «АКШ менен аткара турган маанилүү иштер бар. Бири бирине карата урмат  - сыйга таянган  союздаштык карым  - катнаштар менен чече албаган маселе жок»,- деди. Өмер Челик Түркиянын Греция менен эки тараптуу карым  - катнаштары тууралуу : Куралсцыздандырылган аралдарды кайрадан «Курадандыруулары туура кадам эмес. Түрк жана азчылык деген сөздөргө чыдабай турган мамилени көрсөтүшүүдө. Түркияга каршы колдонгон тилге аяр мамиле кылууларын күтүүдөбүз»,- деди.

Греция менен изилдөө тууралуу сүйлөшүүлөргө байланыштуу : «Бул досье кеңири талкууланат. Дипломатиялык мамлекеттер катары Түркия позитивдүү түрдө столго отурду. Түрк  дипломаттары тынчтыкты колдой турган, кагылышууларга тоскоол боло турган мүмкүнчүлүккө ээ. Грециянын позитивдүү түрдө мамиле кылышын күтүп жатабыз. Биздин күтүүбүз саясий ой жүгүртүү менен чечиле албаган маселенин болбошу. Бул процессте  Грециянын маанилүү салым кошушун күтөбүз»,- деп билдирди Өмер Челик.

Өмер Челик Израилдин турак жай куруу планына токтолуп : «Бүткүл дүйнө Израилдин 2572 жаңы турак жай курушун токтотууга чакырышы керек.  Бул кадам Иерусалимдин статусуна жана аймактын тынчтыгын коркунучка салууда. Эки  мамлекеттүү чечимди жок кылышуууда»,- деди.

 



Тектеш кабарлар