Түркиядан Грециянын Иония деңизи боюнча чечимине сереп салынды

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Грециянын Иония деңизинде аймактык сууларынын кеңдигин 12 деңиз чакырымына чейин көтөргөндүгүнө жана Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын билдирүүлөрүнө жазуу түрүндө жооп берди.

1568279
Түркиядан Грециянын Иония деңизи боюнча чечимине сереп салынды

Түркия, Грециянын Иония деңизинин территориялык сууларын 12 деңиз милине чыгарууга карай пландарынын, Эгей деңизине эч кандай таасир тийгизбегендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Грециянын Иония деңизинде аймактык сууларынын кеңдигин 12 деңиз чакырымына чейин көтөргөндүгүнө байланыштуу жана Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын билдирүүлөрүнө жазуу түрүндө жооп берди.

Аксой,«Грециянын Иония деңизиндеги аймактык сууларды 12 деңиз милине чейин көбөйтүүгө карай пландары Мора аралынын түштүгүндө аяктайт жана Эгей деңизине эч кандай таасирин тийгизбейт», деген серебин салды.

Атайын географиялык шарттар басымдуу болгон жарым-жартылай жабык Эгей деңизинде Түркиянын маанилүү укуктары жана кызыкчылыктары бар экендиги баса белгиленген билдирүүдө, «Бул деңизде жээк сууларынын биздин мамлекеттин да, үчүнчү өлкөлөрдүн да кеме жүрүү эркиндигин жана ачык деңизге чыгууну чектей тургандай түрдө бир тараптуу түрдө кеңейтилбеши керектиги жөнүндө мамилебиз ар кимге маалым. Белгилүү болгондой, биздин мамилебизде эч кандай өзгөрүү жок»,-деди.



Тектеш кабарлар