Түркия Ирактагы кол салууну эң күчтүү түрдө айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.

1568406
Түркия Ирактагы кол салууну эң күчтүү түрдө айыптады

Түркия, Ирактын борбор шаары Багдаддагы террордук кол салууларды эң күчтүү түрдө айыптап, Иракты колдой турганын баса белгиледи.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Багдаддагы базардын бир аймагында жанкечтилик кол салуудан каза болгондордун жана жаракат алгандардын көп экендиги терең кайгыга салгандыгы белгиленди.

Чыккынчылык кол салуудан каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушу тиленген билдирүүдө, боордош Ирак элине жана өкмөтүнө көңүл айтылды.

Билдирүүдө, «Биз бул жийиркеничтүү террордук кол салууну эң күчтүү сөздөр менен айыптайбыз жана ушул себептен терроризмге каршы күрөшүүдө досубуз жана коңшубуз Ирактын жанында экенибизди дагы бир жолу баса белгилейбиз»,делди.

Бүгүн Багдаддын борборунда болгон жанкечтилик кол салуудан 28 адам каза болуп, 73 адам жаракат алгандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар