Террор менен күрөш, бир террорист багынды
Сирияда «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылган ПКК террордук уюмдун мүчөсү 3 террорист жок кылынды.
Сирияда «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылган ПКК террордук уюмдун мүчөсү 3 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта : «Тынчтык булагы аймагына кирүү аракети тоскоолдукка учуратылды. Тынчтык жана коопсуз чөйрөнү бузуу үчүн кол салуу аракетинде болгон ПКК/ЙПГнин 3 террористи карман деснаттарыбыз тарабынан жок кылынды»,- деп билдирилди.
Бир тараптан ынандыруу иштеринин жыйынтыгында ПКК/КЖК террордук уюмдан качкан 1 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынды.
Ички иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматка караганда багынган террористин 2013 - жылы уюмга кошулгандыгы, акыркы жолу Иракта террордук кыймылдарды кылгандыгы белгиленди.
Ушундайча 2021 - жылы ынандыруу жолу менен багынган террорист саны 10го жетти.
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.
Президент Эрдоган Энелер күнүнө карата билдирүү жарыялады
Президент Режеп Таййип Эрдоган бардык энелерди «Энелер күнү» менен куттуктады.