Түркия Малиде болгон кол салууну айыптады

Кол салууда 4 аскер каза болуп, 5 аскер жараланды.

1564224
Түркия Малиде болгон кол салууну айыптады

Түркия  Малидеги БУУнун Көп Өлчөмдүү Интеграцияланган Стабилизация Миссиясына MINUS Up жасалган террордук кол салууларды айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Малинин Тимбукту аймагында болгон террордук кол салууда Көп Өлчөмдүү Интеграцияланган Стабилизация Миссиясында кызмат кылган Кот-д'Ивуардын 4 аскеринин каза болгондугу жана 5 аскердин жаралангандыгы санааркоо жаратты»,- деп билдирилди.

Кот-д'Ивуар калкына жана өкмөтүнө көңүл айтылган маалыматта : «Бул террордук кол салууну айыптайбыз. Дос жана боордош Кот-д'Ивуар калкына, өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз. Каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин тилейбиз»,- деи билдирилди.



Тектеш кабарлар