Түркиянын террористтер менен күрөшүүсү уланууда

Зыянсыздандырылган 5 террористтин экөөсүнүн Терроризм боюнча изделгендердин тизмесинде боз категориясына киргени аныкталды.

1556535
Түркиянын террористтер менен күрөшүүсү уланууда

Шырнактын Габар тоосундагы үңкүрдө 5 ПКК террористи куралдары менен жок кылынды.

Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Сүлейман Сойлу билдирди.

Социалдык медиада билдирүү жасаган Сойлу, Шырнактын Габар тоосундагы 5 террористтин үңкүрдө жок кылынганын маалымдады.

Министр Сойлу өзүнүн билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү жазган:«2021-жылы биздин баатырлар Габар тоосунан биринчи кабарды беришти ... Алар (террористтердин) үңкүрүнө кирип барышты. Үңкүрдө 5 террорист биздин баатыр десанттарыбыз тарабынан курал-жарактары жана ок-дарылары менен кошо зыянсыздандырылды... Аллах биздин балдарыбызды сактасын ...».

Зыянсыздандырылган 5 террористтин экөөсүнүн Терроризм боюнча изделгендердин тизмесинде боз категориясына киргени аныкталды.

Ошол эле учурда, Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Сириянын «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылган 2 ПКК/ЙПГ террористи жана «Евфрат калканы» аймагына кол салууга камданып жаткан ПКК / ЙПГ террористи жок кылынды.



Тектеш кабарлар