Түрк аба жолдору Британиядан келген каттамдарды токтотту

Британиядан өлкөгө келген 15 кишиде мутацияга учураган вирус аныкталды.

1556022
Түрк аба жолдору Британиядан келген каттамдарды токтотту

Түрк аба жолдору Британиядан Түркияга жүргүнчүлөрдүн келишин токтоткондугун билдирди. Түрк аба жолдорунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркиядан Британияга жана Британиядан башка өлкөлөргө транзит каттамдардын пландалгандай улантылары белгиленди.

Маалыматта жүргүнчүлөрдөн билет алмаштыруу жана башка талаптары үчүн сурап билүү борбору, билет сатып алынган офис же агентикке кайрылып иштерин аткар алышары билдирилди.

Саламаттык сактоо министрлиги Фахреттин Кожа кечээ берген маалыматта Британиядан өлкөгө келген 15 кишиде мутацияга учураган вирустун аныкталгандыгын жана бул өлкөдөн келген кишилердин өлкөгө кирүүсүнө убактылуу түрдө толугу менен токтотулгандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар