Бул жылы ай менен күндө эки жолу тутулуу болот
Бирок бул жылкы төрт тутулуу да Түркиядан көрүлбөйт.
Бул жылы 2 күн жана 2 ай тутулушу болот. Бирок бул жылкы төрт тутулуу да Түркиядан көрүлбөйт.
Түркия илимий жана технологиялык изилдөөлөр мекемеси ТҮБИТАКтын улуттук байкоо үйү 2021 - жылдын эң негизги асман кубулуштарын карап чыкты.
Ушуга караганда 2021 асман кубулуштары жылдыгы боюнча мурунку жылдарда болгондой 2021 - жылы да 8 метеор жамгыры болот. Бул жылы дүйнөдө боло турган бирок Түркиядан көрүнбөй турган тутулуулар жана көрүүгө боло турган континенттер төмөнкүлөр :
- 2021 - жылдын 26 - майындагы Айдын толук тутулушу Азия, Австралия, Тынч океанында
- 2021 - жыл 10 - июнда Алкактуу күн тутулушу Азия, Европа, Түндүк Америкада
- 2021-жылдын 19-ноябры Айдын жарым-жартылай тутулушу Америка, Австралияда
- 2021-жылдын 4 - декабрында Күн толугу менен Антарктида, Түштүк Африка, Атлантика океанында тутулат.