Варанк: «BioNTech менен биргелешкен өндүрүш үчүн сүйлөшөбүз»

Өнөр жай жана технология министри маалымат берди.

1555415
Варанк: «BioNTech менен биргелешкен өндүрүш үчүн сүйлөшөбүз»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, BioNTech компаниясы менен Түркияда биргелешип өндүрүү темасында сүйлөшө тургандарын билдирди.

Варанк билдирүүсүндө, Германиядагы BioNTechтин негиздөөчү өнөктөшү түрк илимпоз проф. др. Угур Шахин менен биргеликте вакцина өндүрүү үчүн сүйлөшүү өткөргөндөрүн айтты.

Түркия бир тараптан өз вакцинасын чыгарууга аракет кылып жатканын баса белгилеген Варанк: «Бул пандемиянын көптөгөн жылдар бою уланаарын божомолдоп жатабыз. Учурда эмдөө календарларын жарыялаган өлкөлөргө көз чаптырсак дүйнө калкынын аз бөлүгүнүн 2021-жылы эмделе тургандыгын көрүүдөбүз. Балким биз чет мамлекеттер менен кызматташа алабыз бирок өзүбүздүн вакцинабыздын болушун каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар