Шентоп жаңы жылга карата куттуктоо жарыялады

Шентоп: «2020-жыл коронавирустун (Kovid-19) себебинен баарыбыз үчүн оор жыл болду»

1555360
Шентоп жаңы жылга карата куттуктоо жарыялады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, жаңы жылга карата жарыяган билдирүүсүндө: «Ар дайым агып турган мезгилдин жана тарыхтын ичинде дагы бир жылды артта калтырдык. 2020-жыл коронавирустун (Kovid-19) себебинен баарыбыз үчүн оор жыл болду»,-деди.

Шентоп: «Мамлекетибиз жана сүйүктүү элибиз бул оор сыноодон (Ковид-19 пандемиясы) медициналык система жагынан дагы, ошондой эле ээ болгон эң жогорку адамзаттык баалуулуктарга берилгендик жагынан дагы бардык сезимдери менен туруштук бере алды»,-деп айтты.

Күрөш азырынча бүтө элек болсо дагы жакшы күндөргө умтулушкандыгын айткан Мустафа Шентоп, пандемиянын айынан көз жумгандардын жаткан жерлери жайлуу болушун, бейтаптардын тезирээк айыгып кетишин каалады.

Парламент төрагасы Шентоп өз билдирүүсүндө: «Түнгө жеңилбеген ар бир адамга сыйлык катары таң, күндүз жана күн бар. 2020-жылы туш болгон кыйынчылыктар 2021-жылы өтөт деп үмүттөнөбүз. Мен сизди жана сиздин жакындарыңызды чын жүрөктөн чыккан сезимдер менен куттуктап жатып, биздин жакшылык жана кайрымдуулук боюнча үмүттөрүбүз жаңы жылда ишке ашат деп ишенем. Бардык жарандарыбызды Жаңы жылы менен куттуктайм»,-деди.  



Тектеш кабарлар