Эрдоган Жаңы жылга карата билдирүү жарыялады

Президент Эрдоган,  жаңы жылга карата жарыялаган билдирүүсүндө, жаңы жылдын Түркия, регион жана дүйнө жүзүндөгү бардык адамдар үчүн жакшылык алып келишин каалады.

1555337
Эрдоган Жаңы жылга карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Тайип Эрдоган, улуттун ар бир мүчөсүнөн, айрыкча Жаңы жыл алдында, эрежелерди сактоо менен эпидемиядан чыгуу күрөшүн колдоону өтүндү.

Президент Эрдоган,  жаңы жылга карата жарыялаган билдирүүсүндө, жаңы жылдын Түркия, регион жана дүйнө жүзүндөгү бардык адамдар үчүн жакшылык алып келишин каалады.

Президент Эрдоган, 2020-жылдын коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясы баш болгон көптөгөн кыйынчылыктар менен сыналган жыл болгонун белгилеп, бүткүл дүйнөнү каптаган Ковид-19 вирусунун тарыхка акыркы кылымдын эң чоң ден-соолук кризиси катары киргенин белгиледи.

Пандемия менен кошо бет каптан респираторго чейин, керектелүүчү каражаттардан дары-дармектерге чейин өндүрүшкө негизделген бардык темада дүйнө жүзү өтө олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгонун белгилеген Эрдоган, Түркиянын пандемиянын эң орчундуу процессин, күчтүү саламаттык сактоо инфраструктурасы жана өз убагында көрүлгөн чаралар аркылуу  эң аз зыян менен өткөрө алганын айтты.

Эрдоган, Түркиянын Европадагы жалпы санга жакындаган реанимациялык керебеттердин саны жана бир миллион 100 миңден ашуун саламаттык сактоо армиясы менен процессти ийгиликтүү башкарганын маалымдады.

Эрдоган, Түркиянын жарандарын социалдык жактан камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү аркылуу,  айрым жерлерде болгону сыяктуу олуттуу дарылоо чыгымдарына туш болбой, тесттен диагнозго чейин, дарылануусунан дары-дармектерге чейин эпидемияга каршы күрөшүшү үчүн керек болгон ар түрдүү кызмат менен жарандарды бекер тейлегендерин баса белгиледи.

Эпидемиянын бир топ убакытка чейин күчүндө кала берээрин түшүнгөндүгүн белгилеген Эрдоган, вакцина менен камсыздоо жана иштеп чыгуу ишине басым жасап, Түркияны бул белгисиз келечек үчүн даярдагандарын айтты.

Бардыгын Ковид-19 чараларына баш ийиүүгө чакырган Эрдоган: «Улутумдун ар бир мүчөсүнөн, жаңы жыл түнү менен кошо ар күнү жана ар бир көз ирмемде эрежелерди сактап, өлкөбүздүн эпидемия балээсин тезирээк жеңип чыгуусу үчүн күрөшүүсүнө колдоо көрсөтүүсүн суранам»,-деди.



Тектеш кабарлар