Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эртең Россияга барат
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия - Россия биргелешкен стратегиялык пландоо группасынын 8 - жыйынына катышуу үчүн эртең Россияга барат.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия - Россия биргелешкен стратегиялык пландоо группасынын 8 - жыйынына катышуу үчүн эртең Россияга барат.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сочиде боло турган жыйынга Чавушоглу менен орус кесиптеши Сергей Лавровдун жетекчилик кылары билдирилди.
Маалыматта : « Биргелешкен стратегиялык пландоо группасынын жыйынында эки өлкөнүн карым - катнаштары менен бирге аймактык жана эл аралык абалдарга байланыштуу кенен пикир алышууларда болушу күтүлүүдө. Жыйындын акырында Түркия республикасы менен Россия федерациясынын тышкы иштер министрлеринин ортосунда 2021 – 2022 кеңешүү планына кол коюлат»,- деп билдирилди.
Ошол эле учурда тышкы иштер министри Чавушоглу Косованын тышкы иштер жана диаспора министри Мелиза Харадинаж - Стублла менен өткөргөн пресс - жыйында Россия сапарына токтолду.
"Аймактык темаларда түрдүү тараптарда болсок да Россия менен кызматташуубуз бар. Сирияда түрдүү тараптардабыз бирок Астана процесси менен башталган кызматташуубуз улантылууда",- деген Чавушоглу Ливия тууралуу Түркия менен Россиянын түрдүү тараптарда экендигин, бирок бул өлкөдө ок атышпоонун туруктуу болушу үчүн Россия менен жогорку деңгээлде иштердин аткарылгандыгын айтты.
Россия сапарында Азербайжан - Армения маселесин да карап чыгышарын белгилеген Чавушоглу : "Азербайжандын чек ара коопсуздугунун эл аралык мыйзамдын алкагында болушу керек. Бул тууралуу келечекке карата таштала турган кадамдарды карап чыгабыз деди.