Коргоо министри Хулуси Акар ирактык кесиптеши менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирак коргоо министри Жумаах Саадунн менен жолугушту.

1553399
Коргоо министри Хулуси Акар ирактык кесиптеши менен жолугушту

 Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирак коргоо министри Жумаах Саадунн менен жолугушту.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Акар менен ирактык кесиптеши Саадунн борбор шаар Анкарада министрликте жекеме  - жеке, делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууларда террор менен күрөшүү, эки тараптуу жана аймактык темалар каралып, Акар Түркиянын Ирак жана башка коңшуларынын саясий биримдиги  жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөткөндүгүн, Ирак башкаруусу менен террор менен күрөшүү тууралуу түзүлгөн координацциядан ыраазы экендиги жана мунун күчтөнүү менен улантылышынын маанисин белгиледи.

Өзгөчө түрк куралдуу күчтөрүнүн улуттун жана чек аралардын коопсуздугун коргоодогу жана террорду акырына чыгарууда чечкиндүүлүгүн айтты.



Тектеш кабарлар