Эрдоган Гонсалес үчүн көңүл айтты
Стамбулдагы Латын-Католик жамаатынын руханий башчысы Рубен Тиеррабланка Гонсалес дүйнөдөн кайтты.
1551309
Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы Латын-Католик жамаатынын руханий башчысы Рубен Тиеррабланка Гонсалестин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Эрдоган өз билдирүүсүндө: «Коронавируска каршы дарылануудан улам бир нече убакыттан бери реанимацияда жаткан Стамбулдагы Латын-католик жамаатынын руханий жетекчиси Рубен Тиеррабланка Гонсалестин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына көңүл айтамын» деди.