Эрдоган Алиевди куттуктады

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөштү.

1551235
Эрдоган Алиевди куттуктады

 

Президент Режеп Тайип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, президент Эрдоган сүйлөшүүдө Илхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады.

Эрдоган Алиевге үй-бүлөсү жана улуту менен бирге ден-соолукта узак өмүр сүрүшүн каалады.

Алиевдин өлкөсүнүн гүлдөп-өнүгүшү, ошондой эле аймактык тынчтык жана бакубаттыгы үчүн жасаган аракеттеринин тарыхый маанисин баса белгилеген Эрдоган, Түркия-Азербайжан карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшүнө кошкон салымы үчүн Алиевге ыраазычылыгын билдирди.

Эрдоган Түркия-Азербайжан боордоштугу жана тилектештиктигинин бардык тармактарда кызматташтыкты чыңдай берээрине ишенгенин айтты.



Тектеш кабарлар