Түркиядан Кытайга 2 - экспорт поезди жолго чыкты

Түркиядан Кытайга экспорт жүгүн ташыган экинчи блок экспорт поезди Карстан Грузияга узатылды.

1550668
Түркиядан Кытайга 2 -  экспорт поезди жолго чыкты

Түркиядан Кытайга экспорт жүгүн ташыган экинчи блок экспорт поезди Карстан Грузияга узатылды.

Текирдаг Черкезкөйден жолго чыккан жана 42 контейнер экспорт жүктү ташыган поезд Карска барды.

Анкара  - Сивас -  Эрзурум жолу менен шаарга барган экспорт поезди бул жердеги бажы иштеринен кийин Грузиянын Ахылкелек шаарына карай жолго чыкты.

Поездин өлкө тышы паркуру кезеги менен Грузия  -  Азербайжан  -  Каспий деңизи өткөөлү -  Казакстан жана Кытайдын Сиань шаары болот.

Поезд 2 континент, 2 деңиз жана 5 өлкөдөн өтүп жүгүн 12 күндө Кытайга жеткирет.

Поезд Түркияда 2 323  километр, Грузияда 220 километр, Азербайжанда 430 километр, Каспий деңизинде 420  километр, Казакстанда 3 200 километр жана Кытайда 2 100 километр, жалпы 8 693 километр жолду өтөт.



Тектеш кабарлар