Челик: «ПККнын Түндүк Ирактагы кол салуулары күрттөргө каршы кастыгынын белгиси»

Өмер Челик партиясынын Борбордук аткаруу кеңешинин күн тартибине байланыштуу билдирүү жасады.

1550314
Челик: «ПККнын Түндүк Ирактагы кол салуулары күрттөргө каршы кастыгынын белгиси»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, жикчил террордук уюм ПККнын Түндүк Ирактагы акыркы кол салууларынын күрттөргө каршы кастыктын белгиси экендигин айтты.

Өмер Челик партиясынын Борбордук аткаруу кеңешинин күн тартибине байланыштуу билдирүү жасады.

ПККнын Түндүк Иракта күрттөргө каршы кастыгынын көрсөткүчү катары акыркы убакта берки күчтөргө кол салгандыгын белгилеген Челик:«(ПККнын Сириядагы уландысы) ПЙД/ЙПГ (PYD / YPG), Сириянын түндүгүндө ошондой эле Ирактын түндүгүндө, түркмөн, араб же күрт болобу, айырмалабай отурукташкан элдерге карата ушул кастыкты улантууда. ПККнын ал жерде курууга аракет кылган тоталитардык түзүлүшкө моюн сунбагандардын бардыгы ушул кастыктан жапа чегишүүдө. Эң акыры, Түндүк Иракта күрттөр жашаган аймактагы коопсуздук күчтөрүнө кол салып, ал аймактагы туруксуздуктун канчалык көп өлчөмдүү элементи экендигин дагы бир жолу көрсөттү.

Ошондуктан, Түркиянын ПКК террордук уюму менен, адамзатка каршы кылмыш кылган жексур уюм менен күрөшүүсү, өзүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жагынан дагы, адамзатка каршы жасалган бул кылмыштардын алдын алуу жагынан да өтө жогорку мыйзамдуулукка ээ күрөш болуп саналаарын аткан Челик: «ПКК жана башка террордук уюмдарга каршы күрөш эч кандай бошоңдобостон, басаңдабай, 24/7 негизинде үзгүлтүксүз уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар